МОЛДОБАЕВ Карыбек: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МОЛДОБАЕВ Карыбек (15. 11. 1932-ж. т„ азыркы Нарын обл., Кочкор р-ну, Мантыш айылы) - философ, партиялык жана мамлекеттик ишмер. 1952-ж. КМУну бүтүргөн, 1956-64-ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчысы, 1964-73-ж. - Кыргызстан КП
БКнын бөлүм башчысы, 1973-85-ж. Фрунзе шааркомунун 1-секретары, 1985- 87-ж. Кыргызстан КП БКнын секретары, 1987-95-ж., СССР Министрлер Советине караштуу Дин иштери боюнча советтин төрагасынын орун басары, 1995-2007-ж. Кыр-

гыз-Түрк «Манас» университетинин ректору болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрт (1967-79), СССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты (1979-89). Манас, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.