МУХАММЕД ХАН ШЕЙБАНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска

МУХАММЕД ХАН ШЕЙБАНИ, Абу ал-Фатх Му­хаммад, Шахи Бек Өзбек, Шайбак, Шахбахт, Мухаммед Шейбани (1451-1510) - Абулхайр хан­дын небереси, Шахбудаг султандын уулу, Шей­баниддер (Шейбани - Мухаммед хандын ада­бий псевдоними) династиясынын негиздөөчүсү, Маеераннахрдын бийлөөчүсү (1503-10). Атасы Юнус хандын буйругу менен 1468-ж. дарга асыл­ган. Жакын туугандары (Атабек Уйгур Хан, эмир Карачин Бек) аны Астрахандагы Касым ханга качырган. Кийин Султан Ахмед (Султан Абу Саид мырзанын уулу) мырзанын нөкөрү (т. а. анын нөкөрү Мир Абдалали тархандын нөкөрү) болуп кызмат кылып жүрүп, Ташкент­тин жанында салгылашууда аны сатып, Могол­стандын ханы Махмуд хан (Юнус хандын уулу) тарапка өткөн. Мындай кызматы үчүн Махмуд хан ага Түркстан ш-н берген. Күчтөнө башта­ганда Тимуриддердин тагына ээ болуу ниети менен Бабурдун карындашына үйлөнгөн. 1500-ж., Самарканд ш-н курчоого алып, Бабурдун аске­рин эки жолу талкалаган. Бабур адегенде Ба­дахшанга, андан ары Кабулга качкан. Самар­канд менен Бухараны караткандан кийин (1503), Махмуд хан менен араздашып, аны туткунга

түшу­рүп, Ферганадан баш тартууга аргасыз кылып коё берген. 1505-ж. Хорезмге каршы аттанып, 10 айлык курчоодон кийин Үргөнч ш-н карат­кан, бирок Хорезмди ала албай артка кайткан. 1507-ж. Гератка жүрүш жасап, Хорасандын бий­лөөчүсү, Тимурдун О. Азиядагы акыркы туку­му Хусейн Байкара уюштурган Тимуриддердин бириккен колун талкалаган. Борбордук Азияда ага тең келер күч калбай калганына көзү жеткен М. х. Ш. өзүн бардык сүннөттөрдүн башчысы деп жарыялаган. Мындан кийин Иранды (Пер­сия) басып алуу үчүн шылтоо кылып, Исмаил шахты (Исмаил I Сефевид) шииттен баш тар­тып, сүннөткө өтүүгө чакырган. 1510-ж. Мургаб д-нын жээгинде Исмаил шахтын аскери менен болгон салгылашууда М. х. Ш-нин колу талка­ланып, өзү оор жаракат алгандан кийин бир дыйкандын үйүндө көз жумган. Исмаил шах анын саман толтурулган баш терисин түрк сул­таны Баязет Пге тартуулап, баш сөөгүнөн ша­рап иче турган идиш жасаткан.

Ад.: Семенов Атап Айтканда Шейбани-хан и завоевание им империи Тимуридов//Материалы по истории таджиков и узбеков Средней Азии. Душ., 1954; Баргполъд В. В. Шейбаниды//Соч. Т. 2, ч. 2. М., 1964.

Э. Турганбаев.