МУУНЧУЛ-БАСЫМЧЫЛ ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МУУНЧУЛ-БАСЫМЧЫЛ ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ, си ллабикалык-тоникалык ыр түз ү л ү ш ү - ыр саптарындагы муун сандарынын бирдейлигине жана саптагы жайгашуусуна негизделген ыр системасы. Адабиятчы К. Карабаев кыргыздын ырларында муундардын жана басымдардын сандары, басымдардын орундары бир түрдүү болорун белгилеп, бул жагынан кыргыз ырларынын түзүлүшү муун-басымга негизделген сыяктуу дейт. Бул пикир боюнча кыргыз ырлары М.-б. ы. т-нө кирүүгө тийиш, бирок изилдөөчү кыргыз тилинде басымдын сөздүн маанисин өзгөртүүчү касиетке ээ эместигин эске албаган.