МУУНАК КУРТТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска

МУУНАК КУРТТАР (АппеИФа) - экинчи дене көңдөйлүү, алгачкы ооздуу курттардын тиби. Дене уз. бир нече лглгден 3 лгге чейин жетет. Муу­накталган денеси эки жак симметриялуу. Сег­мент-муунактары көп. Алардын саны бир нече жүзгө жетет. Сегменттелиши ички органдары­нын метамериясы менен байланыштуу. Ар бир сег­ментте түктөрү, начар өөрчүгөн буттары же па­раподиялары болот. Тери-булчуңу жука кути­кула, тери эпителийи, узунунан кеткен жана муунак булчуңдардан турат. Оозу 1-сегменттин курсак жагында, кан айлануу системасы туюк, ал 2 негизги курсак жана жон кан тамырлары­нан туруп, шакек түрүндө. Алар териси, кээде бакалоору менен дем алат. Бөлүп чыгаруу орга­ны - нефридий. Нерв системасы мээ жана кур­сак нерв тизмегинен турат. Сезүү органы - көз жана жыт билүү чуңкурчалары. Айрым жыныс­туу же гермафродиттер. Личинкасы трохофо­расы менен өөрчүйт. Кээде жыныссыз жол менен да көбөйөт. М. к-дын 5 класска кирген 9 миңдей түрү тузсуз сууда, кургакта, тропиктеги нымдуу жерлерде жашайт. М. к. жөнөкөй түзүлүштүү жалпак курттардан келип чыккан.