МУРУН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МУРУН - адам жана омурткалуу жаныбардын дем алуу жолунун башталышы жана жыт сезүү органы. Бет сөөгүнүн ортосунан орун алган. М. ички (мурун көңдөйүнөн) жана сырткы бөлүктөн турат. Адамдын М. көңдөйүнүн алды жагы ооз көңцөйү менен чектелген. М. көңдөйү ичинен былжыр чел менен капталып, сөөк жана кемирчек тосмо аркылуу оң жана сол бөлүккө бөлүнөт. М. көңдөйүнүн капталын астынан таңдай сөөгү, үстүнөн калбыр сымал сөөк түзөт. Анда 15-20 майда тешик бар. Ал тешиктер аркылуу жогорку мурун жолу жана кеңилжээрдин былжыр челинен мээни карай жыт өткөрүүчү нерв талчалары өтөт. М. көңдөйүнүн эки капталын үстүнкү эки жаактын мурун көңдөйү жак бетттери түзөт. Бул эки капталда М. көңдөйүн карай дөмпөйүп чыгып турган үч кеңилжээр болот. Алардын ортосунда узунунан кеткен үч М. жолчолору бар. М. кеңилжээрлери менен тосмосунун ортосунда М. көндөйүнүн жалпы жолу жатат. М.
кобулдарынан жана көз чанагынан М. жолчолоруна белгилүү сандагы түтүктөр ачылат. Ал түтүктөн көздү нымдап, тазалап туруучу көз жашы М-га агып кирет. М. көңдөйүн, анын ичиндеги кеңилжээр менен жолчолорду жаап турган былжыр челди түктүү эпителий каптап турат. Бул түктүү эпителийлер ар дайым М-дун таноосун карай толкун сымал жапырылып, М-га дем алган аба менен кирген майда кыпындарды, чандарды, микробдорду сыртка шилеп чыгарып турат. Дем алганда М. көңдөйүнө кирген аба былжыр челдеги майда кан тамырлардын жардамы менен жылып, нымдалат. Бул дем алуу органдарын муздак абанын терс таасиринен сактайт. М. ооруларын отоларингология изилдейт.