МӨМӨ БАК ПИТОМНИГИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МӨМӨ БАК ПИТОМНИГИ - мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү өстүрүлүүчү жер. Мамлекеттик (мекемеге, ведомствого, окуу жайына ж. б. караштуу) жана жеке менчик М. б. п. болушу мүмкүн. М. б. п. крчөт алуучу (урук себилүүчү, өнүп чыккан көчөт суюлтулуп отургузулуучу), калыптандырылуучу (кыйыштырылган көчөт өстүрүлүүчү), өркүндүк урук берүүчү, вегетациялык жол менен көбөйүүчү, кыйыштыруу үчүн өркүн же калемче алынуучу, ошондой эле кооздук өсүмдүктөр ж. б. өстүрүлүүчү бөлүктөрдөн турат. Өсүмдүктөр М. б. п-нде агротехникалык эрежеге ылайык ырааттуулук менен алмаштырылып, которуштуруп эгүү системасы колдонулат.