МОСКВА (дарыя): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МОСКВА - Москва, айрым бөлүгү Смола обл. аркылуу аккан дарыя, Оканын сол куймасы. Уз. 473 км, алабынын аянты 17,6 миң км2. Смола-Москва дөңсөөсүнөн башталат. Кар, ошондой эле кыртыш, жамгыр сууларынан куралат. Негизги куймалары: Руза, Истра, Яуза (сол), Пахра, Северка (оң). Орт. чыгымы 109 м3/сек. Ноябрдан апрелге чейин тоңот. Агымы суу сактагычтар (Можайск ж. б.) жана плотиналар менен жөнгө салынган. Москва атындагы канал жана Вазуза гидротехникалык курулмасы аркылуу Волга менен туташат. Суу менен камсыз кылууда жана кеме каттоодо пайдаланылат. Москва ш-нын чегинде жана андан төмөн кеме жүрөт, шлюздар курулган. Боюнан Можайск, Москва, Воскресенск, Коломна ж. б. шаарлар орун алган.