МОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МОР Томас (7. 2. 1478, Лондон - 6. 7. 1535, ошол эле жер) - англ. гуманист, мамлекеттик ишмер жана жазуучу; утопиялык социализмдин негиздөөчүсү. Сот чиновнигинин уулу. 1492-94-ж. Оксфорд унтинде окуп, Оксфорд реформаторлору (Ж. Колет, Т. Линакр, У. Гросин) ийрими менен жакындашкан. 1496- 1501-ж. Ыпсо1п’з 1пп юридикалык корпорациясынын алдында англис салт укугун үйрөнгөн. 1490-жылдардын аягында Эразм Роттердамский менен достошкон. 1504-жылдан саясатка аралашкан, 1510-ж. Лондон шерифинин жардамчысы, 1525-29-ж. Ланкастер герцогдугунун, 1529-32-ж. Англиянын канцлери. М. жалпы христиандык биримдикти бузат деп, лютерчил реформацияны (к. Лютер Мартин) жактырган эмес. 1534-ж. королго баш ийбеген католик катары Тауэрге камакка алынып, мамлекеттик чыккынчы аталып, өлүгл жазасына тартылган. 1935-ж. католик чиркөөсү тарабынан канондоштурулган. М-дун диний темада жазылган көптөгөн чыгармалары («Төрт зарыл нерсе», «Апология» ж. б.) англ. риториктерге (Э. Марвелл, Ж. Донн), Ж. Свифтке

таасир берген. Анын бүтпөй калган «Король Ричард Шнүн тарыхы» (1531) чыгармасы - Кайра жаралуу мезгилиндеги англ. прозанын мыкты үлгүлөрүнөн. М-дун атагын «Утопия» диалогу (1516, орусчага 1789-ж. которулган) чыгарган. Анда кыялдан жаралган Утопия (грек тилинен сөзмө-сөз которгондо - «жок жер») аралындагы эң мыкты түзүлүщ жөнүндө баяндалган. М. адамзат тарыхында биринчи жолу жеке менчик жоюлуп, керектөө теңдиги орноп, өндүрүш жана турмуш жалпы элдин энчисине өткөн коомду сүрөттөгөн. Утопияда эмгек бүт жарандардын милдети, мүдөөлөр толук канааттандырылган, жумуш күнү - 6 саат, оор жумуштарды кылмышкерлер аткарат. Утопиянын саясий түзүлүшү шайлоо жана улуулук принцибине негизделген. Элдик кыймылга каршы болгон илимпоз-гуманисттерге жана билимдүү монархтарга арналып, латынча жазылган «Утопия» 16-к-дын орто ченинде бир катар тилдерге которулган. Ал көптөгөн ойчулдарга (Морелли, Г. Бабёф, К. А. СенСимон, Ш. Фурье, Э. Кабе ж. б.) чоң таасир тийгизген.