МОНУЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МОНУЕВ Ысакбек [31. 8. 1902, азыркы Ош обл., Нура айылы - 27. 8. 1949, Казак ССРи, Алматыга жакын, сөөгу Кулжага коюлган] - алгачкы кыргыз генералы, Гоминьдан генерал-майору, Чыгыш-Түркстан респ-нын (азыркы Синьцзян-Уйгур автономиялуу р-ну) аскер ишмери.

Уйгур, өзбек, казак, кытай, орус тилдерин билген, өз доорунун билимдүү адамдарынан болгон. Атасы Мону ажы кыргыз-кытай аралыгында соода жүргүзүп, кийин үйбүлөсү менен Кытайда (Шиңжан провинциясы, УлууЧат ооданы, Кош-Өтөк аймагы) туруп калган. М. 25 жашында кызыл-суулуктардан аскер курап, кыргыздардан ооп барган басмачыларга каршы күрөшүп, Гоминьдан өкмөтүнүн пуйман (генерал-майор), кийинчерээк генерал-лейтенант аскер чинин алган. Ошондой эле Кумуль көтөрүлүшүндө, Кытайдагы жарандык согушта Гоминьдан тарабында согушкан. 1943-ж. Гоминьдан бийлиги менен чыр-чатагы башталып, аны туткундамак болгондо Алматыга качкан. Ал жерден аскер бөлүгүн түзүп, улуттук армиянын эң жогорку кол башчылыгына дайындалган жана Синьцзяндагы азаттык кыймылга активдүү катышкан. 1944-ж. Ахметжан Касими башында турган Чыгыш Түркстан Респ. түзүлүп, 1-аскер командачысы болгон. Кытай өкмөтү КЭРдин түзүлүшүнө кошкон салымы үчүн Иледеги каармандар бакчасына эстелик орноткон. Ысымы Нура айылындагы орто мектепке, Ош ш-нын бир көчөсүнө ыйгарылып, Ош ш-на айкели тургузулган.
Ад.: Мониев А. Генерал Ысакбек. Б., 2006.
А. Карасартов.