МОНТАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска

МОНТАН Ив (өз аты-жөнү - Иво Ливи) (13.10. 1921, Италия, Монсуммано-Терме ш. - 9.11. 1991, Франция, Санлис) - фр. шансон ырчы жана ак­тёр. 1923-ж. ата-энеси Францияга көчүп келген.

Адегенде кинотеатрларда, клубдарда, мюзик-холлдор­до ырдаган. 1944-ж. Эдит Пиаф менен таанышып, Эдит Пиаф М-дын устаты болуп калат (1949-ж. чейин). М. шансон ырчы катары Л. Арагон, П. Элюар, Ж. Превер ж. б. акындар­дын поэзиясына, ошондой эле ак­туалдуу саясий темаларга кайрылган. М. сахнада та­лантын аягына чейин ачып көрсөтө алган ат­каруучу катары белгилүү. Акыркы концертте­ри 1981-ж. Париждеги «Олимпия» залында өткөн. Актёр катары коркунучтардан корк­погон демокр. каармандын образын түзгөн. 1946-ж. М. Карненин «Түн дарбазасы» филь­минде башкы ролду аткарган. 1960-70-жыл­дарда Коста-Гаврастын жана Клод Сотенин фильм­деринде М-дын актёрдук таланты кеңири ачыл­ган. Европада, Америкада да киного тартылган («Кел сүйлөшөлү» фильминде Мэрилин Монро менен бирге). М. СССРде өзгөчө белгилүү болгон. Б. Мокроусовдун Я. Хелемскийдин сөзүнө жа­зылып, М. Бернес аткарган «Алыстагы дос ыр­даганда» ыры М-га арналган.