МОЛОТОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МОЛОТОВ Вячеслав Михайлович (чыныгы фамилиясы - Скрябин) [25. 2 (9. 3). 1890, Вятка губерниясы, Яран уезди, Кукарка кыш. (азыркы Советск ш.) - 8. 11. 1986, Москва] - советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1943), СССР ИАнын ардактуу академиги (1946- 59). РСДРПнин мүчөсү, болыпевик (1906). «Правда» гезитинин редакциясынын секретары жана мүчөсү (1912). 1909-, 1913-15-ж. бир нече жолу түрмөгө камалып, 1915-ж. сүргүнгө айдалган. РСДРП БК Орус бюросунун (1916-17), РСДРП(б) Петроград комитетинин, Петроград советинин аткомунун (1917-18), Октябрь революциясында (1917) Петроград аскердик-революциялык комитетинин мүчөсү. Октябрь революциясынан кийин Түндүк обл-нда, Волга боюнда, Нижегород губерниясында, Украинада партиялык жетекчи кызматтарда. РКП(б) - ВКП(б)- нин Уюштуруу жана Саясий бюросунун (1920-21), РКП(б), ВКП(б), КПСС БКнын (1921-57), ВКП(б) БКнын Саясий бюросунун (1926-52; 1921-жылдан кандидат), Коминтерндин аткомунун (1926- 43; 1928-жылдан Президиумунун, Секретариатынын) мүчөсү. Ошол эле мезгилде ВКП(б)нин Москва губерниялык комитетинин 1-секретары (1928- 29), СССР Эмгек жана коргонуу советинин (1930- 37), СССР ЭКСтин төрагасы (1930-41), төраганын орун басары (1941), 1-орун басары (1942- 37), төраганын орун басары (1941), 1-орун басары ), СССР тышкы иштер эл комиссары (1939- 49; 1953-56). Улуу Ата Мекендик согушта (1941- 45) СССР Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасынын орун басары, Жогорку Башкы командалык ставканын мүчөсү, СССРдин Моңголиядагы ыйгарым укуктуу элчиси (1957-60), Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикте (МАГАТЭ, Вена) СССРдин туруктуу өкүлү (1960-62). Массалык репрессиянын уюштуруучуларынан болгон. Советтик-германдык пактка (1939), СССРге Гитлер кол салгандан кийин англ.-советтик (1942), Париж тынчтык келишимдерине (1947), Австриянын демокр. жана көз карандысыздыгы жөнүндө мамлекеттик келишимине (1955) СССРдин атынан кол койгон. Тегеран (1943), Крым (Ялта) жана Потсдам (1945) конференцияларын даярдоодо жана өткөрүүдө Сталиндин жакын кеңешчиси болгон. Индикытайда тынчтыкты калыбына келтирүү жөнүндө Женева макулдашууларын иштеп чыгууга
активдүү катышкан (1954). КПССтин 22-съездинде (1961) массалык репрессияга катышкандыгы үчүн айыпталып, 1962-ж. партиядан чыгарылган. Партиялуулугу 1984-ж. калыбына келтирилген. 4 Ленин ордени менен сыйланган.
Ад.: Чуев Ф. И. Сто сорок бесед С. Молотовым. М., 1991; он же Полудержавный властелин. М., 1999.