МОЛЛАНЕПЕС: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МОЛЛАНЕПЕС Кадырберди оглы (1810-ж. ч., Иран, Серахска жакын - 1862 же 1875-ж. ч., Мары) - түркмөн акыны жана музыканты. Медиреседен окуган. Мугалим жана зергер болгон. Көбүнчө сүйүү жана жарандык лирика жанрындагы ырларды жазган. Турмуш элестерин, табият кооздугун чебер сүрөттөө менен М. түркмөн поэзиясындагы салттуу образдарды байыткан. Айрыкча сүйүү лирикасын өркүндөткөн. Ал - «Мен келдим» аттуу лирикалык поэманын, «Тахир менен Зухра» (элдик жомоктун негизинде жазган) деген дастандын автору.