МОЛЕКУЛА ФИЗИКАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска

МОЛЕКУЛА ФИЗИКАСЫ - физиканын ар кан­дай агрегаттык абалдагы заттардын физикалык ка­сиеттерин микроскопиялык деңгээлде изилдөөчү бөлүмү. Газ, суюктук, катуу заттардын микро­скопиялык түзүлүштөрүн изилдөө жана ар кан­дай фазалык өтүүлөрдү (эрүү, буулануу, кристалл­дашуу, конденсация, сублимация ж. б.) өздөш­түрүү - М. ф-нын негизги милдети. М. ф-нда заттын сырткы таасирлерден (басым, температура, электр-магнит жана гравитациялык талаалар) өзгөрүшү, диффузия, илээшкектик, жылуулук өткөрумдуулук жана беттик кубулуштар изилде­нет. Бул маселелерди чечүүдө М. ф-нда термодинамикалык жана статикалык ыкмалар колдонулат жана алар бөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, иондор) кый­мылын, өз ара аракеттешүүсүн талдоо менен ты­гыз байланышкан. М. ф-нын алгачкы калып­танган бөлүмү - газдардын кинетикалык тео­риясы. Анын өнүгүшү менен англ. физик Ж.

Мак­свелл, австр. физик Л. Больцмандын эмгекте­ринин негизинде классикалык статистикалык физика түптөлгөн. 20-к-дын башынан М. ф. өнүгүүнүн жаңы этабына түшкөн. А. Эйнштейн баштаган окумуштуулардын эмгектери микро­бөлүкчөлөрдүн броун кыймылына арналган жана анын негизинде молекуланын бар экендиги далилденген. Электронография жана рентген структуралык анализ ыкмаларынын негизинде катуу жана суюк заттардын түзүлүшү, фазалык өтүүдө жана сырткы факторлордун (температура, ба­сым, электр жана магнит талаалары) таасири аркасында алардын өзгөрүшү изилденген. Тер­модинамикалык ыкма боюнча заттардын макро­скопиялык касиеттери (басым, температура, кура­мы, энтальпия ж. б.), статистикалык ыкма боюнча заттарды түзгөн бөлүкчөлөрдүн касиеттери жана өз ара аракеттенишүүлөрү изилденет. Ста­тистикалык физикадан тышкары М. ф-дан физикалык кинетика, физикалык химия, катуу заттардын физи­касы, молекула биологиясы бөлүнүп чыкты. М. ф-нын закондорунун негизинде металл, по­лимер, плазма физикалары, кристалл физика­сы ж. б. илимдер өнүгүүдө.

Ад.: Ландау Л. Д„ Ахиезер Анын Ичинде, Лифшиц Е. М. Курс общей физики: Механика и молекулярная фи­зика. 3-е изд. М., 2011.