МОЛЕКУЛА БИОЛОГИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МОЛЕКУЛА БИОЛОГИЯСЫ - биологиянын тиричиликтин негизин түзгөн химиялык бирикмелердин структуралык өзгөчөлүктөрүн, касиетин, анын биол. функциясы менен байланыштырып изилдөөчү тармагы. М. б-нын негизги багыты - биол. объектилерди молекулалык деңгээлде изилдөө жана белок биосинтези, тукум куугучтук, генетикалык информацияны сактоо жана берүү, молекулалык вирусология, молекулалык иммунология ж. б. Ал негизинен белок жана нуклеин кислоталарын изилдейт. М. б-нын негизги изилдөө объектиси - клетка ядросу, митохондрия, рибосома, хромосома, ошондой эле вирустар, бактериофагдар ж. б. Биохимия, биофизика жана биоорг. химия, молекулалык генетика менен тыгыз байланышта. М. б-нын илим катары калыптанышы 1953-ж. англ. илимпоздор Ж. Уотсон менен Ф. Крик дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНК) структуралык түзүлүшүн ачкандан кийин башталды. Бул ачылыш генетикалык информацияны алып жүргөн ДНКнын структуралык түзүлүпгүн, анын биол. функциясын мүнөздөгөн. М. б-нын жетишкендиктери: ДНКнын жана вирустардын структурасынын, генетикалык коддун ачылышы, гендерди бөлүү, гендин химиялык жана биол. синтези, гендерди бир организмден экинчиге которуштуруу ж. б. Анын биринчи иретте чечүүчү маселелери - тукум куума ооруларды алдын алуу, биол. катализдин, башкача айтканда ферменттердин, гормондордун, уу заттардын жана дарылардын таасиринин молекулалык механизмин билүү ж. б. Акыркы жылдары М. б-нын дагы бир бөлүгү - генетика инженериясы калыптанды.
Ац: Бреслер С. Е. Введение в молекулярную биологию, 3-е изд., М.; Л., 1973; Зенгбуш П. Молекулярная и клеточная биология. М., 1982. Т. 1—3; Молекулярная биология клетки. М., 1986-1987. Т. 1-5. Рис Э., Стернберг М. Введение в молекулярную биологию: От клеток к атомам. М., 2002.