МОЛДОКУЛОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска

МОЛДОКУЛОВ Айдаркан (1. 5.1930, азыркы Чүй обл., Чүй р-ну, Эпкин кыш. - 30. 9. 1986, Бишкек) - экономи­ка илимдеринин доктору (1972), проф. (1976), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1977). 1951-ж. Ташкент финансы­экономикалык институтун, бүткөн. 1951- 55-ж. Республиканын финансы тармагында жооптуу кызматкер, 1957-63-ж. Кыргыз ССР ИАнын

Экономика институтунда ө. ж. секторунун башчысы, 1964-83-ж. директордун орун баса­ры, директору. 1983-86-ж. Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти, Кыргыз ССР Жогорку Совети­нин депутаты (1985). 120дан ашык илимий эмгек­тин (анын ичинде 20 монография) автору. Илимий эмгекте­ри негизинен Кыргызстандын өндүргүч күчтөрүн жайгаштыруу жана аны өнүктүрүүнүн негизги ба­гыттарын талдоонун комплекстүү маселелери­не, ө. ж. продукцияларынын өздүк наркын тө­мөндөтүү жолдорун иштеп чыгууга арналган. Ысмы Бишкек ш-нын көчөлөрүнүн бирине, № 5 мектеп-гимназиясына жана айылындагы орто мектепке ыйгарылган.

Эмг.: Кыргызстандын эт жана сүт өнөр жайлары­нын продукцияларынын өздүк наркын төмөндөтүүнүн жолдору. Ф., 1960; Основные пути снижения затрат на производство промышленной продукции, Ф., 1964; Экономические проблемы развития и повышения эффективности промышленного производства, Ф., 1973; Качества продукции и эффективность произ­водства, Ф., 1976.