МОЙДУНОВ Эрмек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска

МОЙДУНОВ Эрмек (10. 8. 1945-жылы туулган, Ош. обл., Кара-Суу р-ну, Жапалак айылы) - ырчы, КР эл арт. (1994). М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореогр. окуу жайында окуган (1962-67), Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн (1977). 1967-жыл­дан Т. Сатылганов атындагы Кыр­гыз мамлекеттик филармониясы-

нын Ч. Кожомжаров жетек­теген эстрада ансамблинде, 1970-жылдан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, 1994-99-ж. филармонияда солист, директордун орун басары, 1999-2012-ж. Кыр­гыз Улуттук

консерватория­да окутуучу болуп иштеген. Алгач 1967-ж. обон­чу А. Атабаевдин «Эне жөнүндө баллада» ат­туу ыры менен белгилүү болгон. Ырчы М. Рыс­кулбеков(«Эстеэнелер», «Сапарлашыма», «Сар­гарган гүл», «Күтүү вальсы»), Т. Казаков («Эсте­лик», «Шумкар»), С. Жумалиев («Сен менин жазылбаган ырларымсың», «Кетпейм сага жо­лукмайынча»), К. Молдобасанов («Жайлоодо»), А. Огомбаев («Күйдүм чок»), 3. Иманалиев («На­кинай») ж. б. обончу, композиторлордун ырла­рын чоң чеберчиликте аткарган. СССРдин союз­дук респ-ларында жана көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Медалдар менен сыйланган.