МАРШАК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска
МАРШАК Самуил Яковлевич[22.10(3. 11). 1887, Воронеж - 4. 7. 1964, Москва] - орус совет акыны. Бала чагынан ыр жаза баштаган. 1902- жылдан анын адабий тарбиясына жана тагдырына В. В. Стасов, М. Горъкий көп көңүл бөлгөн. М. 1912-14-жылы Лондон университетинде окуган. Ырлары 1907- жылдан жарыялана

баштаган. 1915-17-жылы англис поэзиясынын котормолору жарык көргөн. 1920-жылы Краснодарда балдар үчүн театр уюштуруп, жомок-пьесалар жазган. 1923-жылы балдар үчүн туңгуч ыр китептери («Жек салган үй», «Капастагы балдар» ж. б.) чыккан. 1923-25-жылы «Новый Робинзон» журналын, кийин «Детгиздин» Ленинграддагы редакциясын башкарып, балдар адабиятын өөрчүтүүгө көп күч жумшаган. Жаш окурмандар үчүн «Өрт», «Почта», «Днепр менен согуш», «Мистер Твистер», «Белгисиз баатыр баяны», «Аскер почтасы» ж. б. балдар театры үчүн пьесалары («Он эки ай», «Акылдуу буюмдар» ж. б.) көп сандаган жомоктору, ырлары, табышмактары бар. М. У. Шекспирдин сонеттерин, Р. Бёрнстин, У. Блейктин, У. Вордсворттун, Р. Киплингдин, Ж. Китстин ырларын жана балладаларын орус тилине которуп, котормонун бийик үлгүлөрүн жараткан. М. - лирик акын («Тандамал лирика», 1962; Лениндик сыйлыгы, 1963), прозаик, сынчы катары да белгилүү. М-тын китептери чет элдердин тилдерине көп ирет которулган. Төрт жолу (1942, 1946, 1949, 1951) СССР мамлекеттик сыйлыгы алган. Эки Ленин, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Собр. соч. М., 2005. Т. 1-4.
Ад.: Галанов Б. Е. С. Я. Маршак. М., 1965; «Я думал, чувствовал, я жил»: Воспоминания о С. Я. Маршаке. М., 1988; Гейзер М. М. Маршак. М., 2006.