МАРГАНЕЦ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска
МАРГАНЕЦ (латынча Мапеапшп), Mn - Элементтердин мезгилдик системасынын VII тобунан орун алган химиялык элемент. Катар номери 25, атомдук массасы 54, 938, туруктуу бир изотобу 55Mn белгилүү. Жер кыртышында массасы боюнча 9·10-2% ин түзөт. Табиятта эркин абалында кездешпейт. М. - күмүш түспөл ак, оор, морт металл, тыгызд. 7,4 г/см3, балкып эрүү 1 1245°С; кайноо I 2150°С; ат. радиусу 1,30°С; Бирикмелеринде 2ден 7ге чейинки валенттүүлүктү көрсөтөт. Туруктуу окистенүү даражасы +2, +4 жана +7. Башкача айтканда бирикмелеринде анын окистенүү даражасынын өсүшү менен кислоталык касиети күчөйт. М. абада окистенип, жука оксид кабыгы менен капталат. Жогорку температурада кычкылтек менен күчтүү аракеттенип, МпО, Мп2О3, Мп2О7 жана МпО'Мп2Оэ оксиддеринин аралашмасын, галогендер менен галогениддерди, кукүрт менен сульфиддерди MnS, MnS2, азот менен нитридди Mn3N2 ж. б. бирикмелерди пайда кылат. MnO - бозомук-жашыл түстөгү күкүм, сууда, жегичтерде эрибейт, кислоталарда эрийт. Гидрооксиддери: Mn(OH)2 сууда эрибеген ак түстөгү зат, Mn(OH)4 - кочкул-күрөң түстөгү заттар, экөө тең сууда эрибейт, амфотердүү начар кислоталык касиетке ээ. MnO2 - кара күрөң түстөгү зат. MnCl2 - кездеме боёчу күрөң боёк катары, MnS цинк сульфиди ZnS менен аралаштырганда караңгыда жарык берүүчү люминофорлорду жасоодо, нитраты Mn(NO3)2 фарфор боёкторун алууда колдонулатынча М. өнөр жайда MnSO4тү суу эритмесине (NH4)2SO4тү кошуп электролиздөө, М. галониддерин калыбына келтирүү, алюминотермия жана электр термия жолдору менен алынат. Негизинен кара металлургияда, чоюн өндүрүүдө чоюндун балкып эрүү температурасын төмөндөтүүдө жана күкүрттөн арылтууда колдонулат. М. кошулган болот сүрүлүүгө туруктуу болуп, т. ж. рельстерин, таш майдалоочу машиналардын жана аскердик танк тетиктерин жасоодо колдонулат. Эгерде М. башка түстүү металлдарга кошулса, алардын куймаларынын катуулугу жогорулайт. М. кошулган айнек кызыл түскө ээ. Металлдарды коррозиядан сактоо үчүн Mn менен гальваникалык каптоо жүргүзүлөт. М-тин бирикмелери гальваникалык элементтерди алууда, айнек, карапа жана полиграфия ө. ж-нда, а. ч-да, медицинада пайдаланылат. М. - өсүмдүк менен
жаныбардын тиричилигине өтө зарыл микроэлемент.