МИФУНЭ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИФУНЭ Тосиро (1. 4. 1920, Кытай, Шаньдун провинциясы, Циндао - 24. 12. 1997, Токиого жакын, Митака) - япон актёру, продюсер. 1946- жылдан «Тойо» кинокомпаниясында (Токио) иштеген. 1947-жылы өзүнүн устаты Кадзиро Ямамотонун «Жаңы акмактар мезгили» фильмине тартылган. Алгачкы

ийгилиги - «Күмүш тоонун ары жагында» фильминдеги гангстер Эдзимдин ролу. А. Куросава менен көп жылдык чыглык кызматташуусу 1948-жылы «Мас периште» фильминде (гангстер Мацукага) башталган. «Расёмон» фильминдеги каракчы Тадзёмаронун ролу М-ни өзгөчө ийкемдүү, күчтүү темпераменттүү каармандын жан дүйнөсүн терең ачып бере алган кино актёр катары тааныткан. М-нин чыглыгынын туу чокусу - доктор Нийденин ролу («Кызыл сакал», Венециядагы ЭКФ сыйл.). А. Куросаванын көптөгөн фильмдерине тартылган (Кикутие, «Жети самурай»; Кийити Накадзима, «Тирүүнүн жазгандары»; Дэнкити Акама-Рогожин, «Кемпай» ж. б.). Романтикалык-баатырдык «кэнгэки» жанрындагы каармандардын ролдорунда мыкты аткарган: Мусаси Миямото («Мусаси Миямото»), Сандзюро («Жан сакчы», Венециядагы ЭКФ сыйл.) ж. б. 1963-жылы Токиодо «МИипе РгойисНопз» компаниясын түзүп, анда «500000 мурас» фильмин койгон. Чет өлкөлөрдө киного тартылган: Офицер («Тынч океандагы тозок», АКШ), Жан сакчы («Кызыл күн», Улуу Британия). 1970-жылдарда өз студиясында «дзидпайгэки» стилиндеги телесериалдарга тартылган.
Ад.: Генс И. Т. Мифунэ. М., 1974.