МИОКАРДИТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИОКАРДИТ (мио... жана грекче kardia - жүрөк) - жүрөк булчуңунун - миокарддын сезгениши. Оорунун пайда болушуна жугуштуу оорулар (кептөөр, скарлатина, баш келте, ич келте, ангина ж. б.), ошондой эле кызыл жүгүрүк, кызыл волчанка, склеродермия ж. б. себеп болот. Ревмотизмден болгон М. (ревмокардит) көп учурда эндокардит менен коштолот. Кээде белгилүү бир микробдорго, ошондой эле айрым дарыларга өтө сезгич келип, аллергиялык М. болушу мүмкүн. Тиреотоксикоздо, уремияда, күйүктө, ууланганда (газ, хлороформ ж. б. менен) да кездешет. М-тин катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Катуу кармаган учурда оорулуунун алы кетет, бат чарчайт, демигет, жүрөгү тез согуп ооруйт, жүрөктүн көлөмү чоңоёт, кагуу ыргагы бузулат. Өнөкөт М. чанда туберкулёз, котон жара жана кызыл жүгүрүктө байкалат. Дарылоо ооруканада аны пайда кылган ооруларга карата жүргүзүлөт, төшөккө жаткырып, диета, стероид гормондору, жүрөк-кан тамыр ишин жакшыртуучу дарылар колдонулат.