МИҢ БАШЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИҢ БАШЫ - көчмөн уруулардын кол башчысы. Миң жоокердин башчысы деген маанини берип, негизинен соңку о. кылымдарда Иран, Түркия жана Орто Азия хандыктарында жолугат. Тимурдун мамлекетинде М. б. бийлик тепкичиндеги төмөнкү баскычтын бирин ээлесе, Кокон хандыгында хандан кийинки орунда турган. Согуш учурунда М. б-га паңсат, жуз башы, элуу башылар баш ийип, кээде алардын саны бир нече миңден ашып кеткен учурлар болгон.