МЕТАЛЛУРГИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТАЛЛУРГЙЯ (грекче metallourgeo - кен казып алам, металл иштетем) - кенташтан металл бөлүп алуу, металл куймаЛарынын химиялык курамын, түзүлүшүн өзгөртүү жөнүндөгү илим. Менделеевдин мезгилдик системасындагы галлоиддер менен газдардан башка бардык элементтерди өндурүп алуу (к. Металлдар) процессин кучагына алат. Өз ичинен төмөнкүдөй технол. процесстерден турат: 1) кенди металл бөлүп алууга даярдоо (майдалоо, ылгоо); 2) пирометаллургия, гидрометаллургия жана электролит ыкмалары менен кенден металлдарды бөлүп алуу, аны тазалоо. Пирометаллургия ыкмасында металл шахта же электр мештери, конвертер аркылуу, ал эми гидрометаллургияда суунун жардамы менен бөлүнөт; 3) ысытуу, эритүү жолу менен металл күкүмдөрүнөн буюм жасоо; бул ыкмада жогорку сапаттагы металл өндүрүлөт; 4) кристалл-физикалык ыкмада рафинирлөө жолу менен өтө таза металлдар, жарым өткөргүчтөр алынат; 5) эриген металлдан уютма алуу; 6) металлды басым менен иштетүү. Азыркы кезде металлургия заводдорунда металлдар жана куймалар прокаттоо жолу менен иштетилет (к. Прокат өндурушу); 7) термиялык, химиялык-механикалык, химиялык-термиялык ыкмалар менен каалаган түзүлүштөгу жана сапаттагы металлдар менен куймаларды алууга болот; 8) М-да металлдардын бетин чайкоо, цинктөө, пластмасса менен каптоо негизги орунду ээлейт.
Ад.: Металлургия. Екатеринбург, 2001; Воскобойникое В. Г„ Кудрин В. А„ Якушев А. М. Общая металлургия. М., 2002; Время и металлургия. М., 2009.