МЕЛОДРАМА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЛОДРАМА (мело... жана драма) - 1) драматургия жанры; ыйман тазалыгы менен кара өзгөйлүктүн күрөшүн курч сүрөттөгөн, эмоцияга жык, интригалуу пьеса. 18-к-дын 90-жылдары Францияда пайда болгон. Негиздөөчүсү - Р. Ш. Тиксерекур. 1830-40-ж. гүлдөө чегине жеткен. М-нын мыкты үлгүлөрү (Ж. М. Монвель, Э. Сувестр ж. б-дын пьесалары) социалдык калыссыздыкка, диний фанатизмге каршы чыгып,
элдин жакырчылыгын жана укуксуздугун айгинелеген. Демократиялуулугу жана оюн-зоок көрүнүштөрү М-нын Европа театрында негизги орунду ээлешин камсыз кылат. Россияда М. 19- к-дын 20-жылдарында пайда болгон (Н. В. Кукольник, Н. А. Полевой ж. б. жазуучулардын пьесалары). М-нын элементтери азыркы кездеги кээ бир драматургдардын (А. Н. Арбузов, А. Д. Салынский ж. б.) чыгармаларында да бар; 2) кейипкердин монологу же диалогу музыка менен коштолгон музыкалык-драмалык чыгарма.
Ад.: Вознесенская Т. И. Литературно-драматический жанр мелодрамы. М., 1996.