МИХАЛЁВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МИХАЛЁВ Андрей Николаевич [12 (25). 1. 1910, Нижний Новгород - 1981] - график, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1975). 1939-жылы Москва сүрөт институтун бүткөн. 1939-жылдан Кыргызстанда жашап, чыгармачылыгын уланткан. Фрунзе сүрөт окуу жайынын окутуучусу (1939- 41) Кыргыз ССР эл чарба жетишкендиктери көргөзмөсүнүн башкы сүрөтчүсү (1947-52). Сүрөт

фондунун председатели (1940-44), Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын төрагасы (1952-53). Маданият министрлигинин эксперт коллегиясынын редактору (1964-68), көркөм эксперт коллегиясынын башкы редактору. М-дун чыгармаларына турмушту кеңири сүрөттөө мүнөздүү. «Жаңырган Ысык-Көл» (акварель, серия, 1948-49), «Рыбачьедеги эски көчө» (1956), «Өспүрүмдүн бир күнү» (литография, 1960-61), «Ак алтын өлкөсү» (1962-63), «Спорт» (1968) ж. б. чыгармалары белгилүү. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Ад.: Прыткова Л. А. Андрей Николаевич Михалёв, Ф., 1971.