«МИҢЧИЛЕР» КЫЙМЫЛЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

«МИҢЧИЛЕР» КЫЙМЫЛЫ - Улуу АтаМекен­дик согуш (1941-45) мезгилинде фронтко жар­дам берүү үчүн пайда бо’лгон социалисттик мелдештин бир түрү. Алгач күнүмдүк нормасын 10 эсе ашык (башкача айтканда 10 кишинин ордуна бир киши иштеп, бир күндүк норманы 100% ке жеткирүү) аткарган жумушчулар «миңчилер» деп аталган. Мисалы, Уралдагы металлургия заводдорунун биринде И. А. Астров деген жумушчу бир сменадагы нор­маны 1000% ке жеткирип, тез эле анын даңкы башка жактарга жайылып, массалык кыймылга айланган. Кыргызстандагы «М.» к-н биринчилерден болуп колдоп чыккан Фрунзе а. ч. машина ку­руу заводунун темир устасы М. Т. Чернышев бол­гон. Анын демилгесин заводдун бардык эмгек кол­лективи колдоп, 3. Алымкулов, Ж. Мамбетов­дор 1942-жылы мартта бир сменада 12 нормадан (1166%) аткарууга жетишкен. «М.» к-нын не­гизги максаты социалисттик милдеттенмени ашыгы менен аткаруу, чыгарылган товардын сапатын жак­шыртуу, өздүк наркын төмөндөтүү, майданга кеткен жумушчулардын ордуна жаңы жумуш­чуларды даярдоо болгон.

Ад.: Долбилкин Г. И., Елизаров С. А. и др. «Приок- ' ские зарницы». Очерки истории завода 1866- 1966 гг. Горький. 1972.