МИКРОЭВОЛЮЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска

МИКРОЭВОЛЮЦИЯ (микро... жана эволюция) - түр популяциясында жүрүп, ошол популяция­лардын генофондун өзгөртүүгө жана жаңы түрдүн пайда болушуна алып келүүчү эволюциялык процесстер жыйындысы. «М.» терминин азыркы маани­синде орус окумуштуусу Н. В. Тимофеев-Ресовс­кий киргизген (1938). М. мутациялык өзгөргүч­түктүн негизинде табигый тандалуунун көзөмө-- лүндө жүрөт. М. жаңы сапаттагы белгилерди пайда кылуучу мутациялардын жана организм­дердин чөйрөнүн жаңы шартына байырла­нуусунан болгон тандалуунун негизинде болот. М. биол. түрдүн генофондунун бүтүндүгүн өз­гөртүүгө же жаңы форма пайда болуп, ата-эне­синен бөлүнүп, кандайдыр бир популяциянын ажырашына түрткү берет, ошондой эле, к. Макроэво­люция.