МИКРОНЕЗИЯЛЫКТАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МИКРОНЕЗИЯЛЫКТАР - австронезия элдеринин тобу, Микронезия а-нын (Каролин Маршалл, Мариана, Гилберт, Лайн, Феникс, Ошен,

Науру а.) жергиликтүү калкы (кирибати, япондор, маршаллдар, труктар, волеаи, улити, сонсоролдор, чаморро, белау, понапе, косраэ, пулуват, науру, банаба ж. б.). Саны 380 миң киши (2010). М-дын антропол. тиби меланезиялыктардын, полинезиялыктардын жана индонезиялыктардын аралашуусунан чыккан. М-дын бул элдер менен жалпы окшоштугу маданиятынан да байкалат. Австронезия жана англис тилдеринде сүйлөшөт. Христиан (көбүнчө протестант) динин тутушат, бирок аларда байыркы жергиликтүү диний ишенимдер басымдуу. М. балыкчылык, багбанчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишип, дубалы жыгачтан тургузулган, чатыры эки же төрт жантаймалуу келип, жалбырак менен жабылган, чарчы, кээде боз үй сымал курулган үйлөрдө жашашкан. Салттык кийими - саронг.
Микронеаиялык жаштар.