МИКРОНЕЗИЯ (географиялык аймак): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МИКРОНЕЗИЯ (микро... жана грекче nesos - арал) - Океаниядагы майда аралдар тобу. Тынч океандын батыш бөлүгүндө, экватордон түндүктө жайгашкан.

М-га Мариана аралдары, Каролина аралдары, Маршалл аралдары, Гилберт аралдары, Ошен, Науру, Гуам (эң ири аралы, АКШнын ээлиги) ж. б. аралдар (бардыгы 1500гө жакын) кирет. Аянты 2,6 миң км2. Калкы 250 миңден ашуун. Аралдары негизинен коралл (шуру) атоллдору, калгандары жанартоодон пайда болгон. Мариана а-нда аракеттеги жанартоолор бар. Климаты экватордук,

субэкватордук; айлык орт. температурасы 26-28°С; жаан-чачын жыл бою туруктуу жаайт; 2000-6000 мм. Каролина а. ченде тропиктик циклондор пайда болуп, катуу шамал коштойт. Дайыма жашыл тропик токою, бадал өсөт. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Тропик дыйканчылыгы өнүккөн. Балык кармалат. Науру, Ошен а-нан фосфат казылып алынат.
Нукуоро атоллу.
Улити атоллу.