МИКОРИЗА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИКОРИЗА (грекче mykes - козу карын жана rhiza - тамыр) - козу карындын мицелийи менен татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн тамырынын өз ара пайдалуу симбиозу. Айрым аскомицеттер жана базидимицеттер М. пайда кылат. М. эктотрофтуу жана эндотрофтуу болуп бөлүнөт. Э к т о тр о ф т у у М-да козу карын тамырдын учтарын каптайт. Бул М. көбүнчө базидиомицеттер менен токой дарактарынын (эмен, кайың, мырза карагай ж. б.) тамырында кездешет. Бул өсүмдүктөрдүн тамыр түктөрү куурап, анын милдетин козу карын аткарат. Эндотрофтуу М-да козу карын тамыр кабыгынын клеткаларында жана клетка арасында да жайгашат. М-да козу карындын мицелийинин өрчүшүнөн улам татаал түзүлүштүү өсүмдүк тамырынын соруу бети чоңоёт да, топурактан сууну, азык заттарды көбүрөөк алат. Козу карындар мындан тышкары витамин сымал жана өсүүнү тездетүүчү заттарды да бөлүп чыгарып, өзү өсүмдүктөн органикалык заттарды алат. Айрым өсүмдүктөрдүн уругу (мисалы, орхидеялар) козу карындар болгондо гана өсүп жетилет.