МЕЩАНДАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЩАНДАР (полякча mieszczanie - шаардык адамдар) - Октябрь революциясына чейин Россияда шаардык калктын түрдүү топторун (кол өнөрчү, майда соодагер ж. б.) камтыган катмар; өтмө мааниде М. - өзүмчүл, дүнүйөкор, саясатка кайдыгер адамдар. 14-17-к-да Литва жана Полыпанын курамына кирген түштүк жана батыш орус облустарынын шаардык адамдары, 17-к-дан смоленскилик шаардыктар М. деп аталган. М. өзүнөзү башкаруу боюнча айрым укуктарга ээ болуп, жамааттарга биригишкен. Аларды 1863-жылга чейин мыйзам боюнча сабап жазалоого да мүмкүн болгон. 1775-жылдан капиталы 500 сомдон кем эмес шаар калкы М-га кирген. Алар жан салыгын төлөп, аскерге алынган. М-дын статусу мурастан мураска өтүп турган. Байып кеткен М. көпөстөргө, ал эми жакырланган көпөстөр М-га айланган. Помегциктерден башын азат кылган дыйкандар да М. деп аталган. Россияда 1811-жылы 950 миң (шаар калкынын 35,1%и), 1897-жылы 9,9 миллион (44,3%и) мещан болгон. 19- к-дын 60-70-жылдарындагы реформалардан кийин М-дын көбү шаардык майда буржуазияга айланган.