МЕТАЛЛ ЭМЕСТЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МЕТАЛЛ ЭМЕСТЕР - элементтердин мезгилдик системасынын кичине жана чоң мезгилдеринин аяк жагында жайгаштырылган, көп учурда электронду кошуп алууга жөндөмдүү химиялык элементтер. Аларга Н2, М2, О2, Н2, Е2, инерттүү газдар, Вг, 81, С, Р, 8, ёГ ж. б. кирет. Инерттүү газдардан башка М. э. терс электрдүүлүккө ээ. Тышкы электрондук катмарындагы электрондордун саны алар жайгашкан топтордун санына туура келет. М. э. туруктуу абалга келиш үчүн жетишпеген электронду кабыл алат, башкача айтканда окистендиргич касиетке ээ. Ал касиети инерттүү газга жакындаган сайын күчөйт. Ал эми топтордо окистендиргич касиети төмөндөн жогору карай өсөт. Алар металлдар менен кошулуп, иондук байланыштагы бирикмелерди, мисалы, ИаС1, СаО, К28 ж. б.; өз ара аракеттенгенде коваленттик байланыштагы бирикмелерди пайда кылат, мисалы, Н2О, НС1, ИН3, СО2, СН4 ж. б. Калыбына келтиргич касиетке да ээ. М. э. суутек менен ар кандай бирикмелерди: НР, НС1, НВг, Н1, Н28, Н28е, Н2Те, СН4, ИН3; кычкылтек менен кислоталык кычкылдарды СО2, 8О2, 8О3, М2О., Р2О. берет ж. б. Нормалдуу шартта: Н2, Е2, С12, О2, М2 - газ, Вг2 - оор суюктук, калгандары - катуу зат. Эң терс электрдүү М. э. - галогендер. М. э-ди жана металлдарды кескин айырмалоого болбойт. Себеби элементтердин мезгилдик системасында металлдык касиет, металл эместик касиетке акырындык менен өтөт, к. Амфотердуулук.