МЕСАРОШ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МЕСАРОШ Ласло (18. 9. 1905, Будапешт - 12.

9. 1945) - венгр скульптору. Колдонмо искусство мектебинде үч жыл окуп, Римдеги Венгр институтун бүткөн (1932-34). 1928-жылы Улуттук салондун, 1929-жылы Сүрөтчүлөрдүн жаңы коомунун көргөзмөсүнө катышып, 1930-жылы Будапешт сыйлыгын алган. М-тун каармандары - жумушчулар, белгилүү социалдык мазмундагы конкреттүүлүк түзгөн. СССРге келгенге чейинки чыгармалары: «Жаш жумушчу» (1929- жылга жакын, жасалма таш), «Тентиген уул» (1930, коло, Венгр улуттук гал.), «Козголоңчу (Эркиндик)» (1934-жылга жакын, коло, Венгр улуттук гал.), «Белгисиз аттын эстелиги» (1935, коло, Хювешвельд казармасы) ж. б. 1935-жылы СССРге, 1936-жылы Кыргызстанга келип, О. Азияда биринчи жолу скульптура студиясын уюштурган. Вул жерде ал скульптор, архитектор жана декоратор катары иштеп, Фрунзе т. ж. вокзалынын долбоорун түзүүгө катышкан. Өкмөт үйүнүн жыйындар залы үчүн фриз сериясын жасаган. Улуттук типтердин образын берген портреттердин («Жаш кыргыз», 1936-37, «Кыргыз аялы», 1931 - 37 ж. б.) автору, Бишкек шаарында М-тун ысмында көчө бар. 1968-жылы венгр кинорежисёру, М-тун кызы Марта М. «Ласло Месарошту эскерип» аттуу документ фильм тарткан.