МЕЖЕЛАЙТИС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска

МЕЖЕЛАЙТИС Эдуардас Беньяминович (3. 10. 1919, Шауляй уезди, Карейвишкис кыш. - 6. 6. 1997, Вильнюс) - литва акыны, Литва ССРи­нин эл акыны (1974). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). 1939-40-ж. Каунас жана Вильнюс университеттеринде окуган. 1943-жылдан аскер кабарчысы болгон. 1954-59-ж. Литва жазуучулар союзунун секре­тары, 1959-70-ж. төрагасы. 1975-89-ж. Литва ССР Жогорку Советинин төрагасы. Чыгармала­ры 1935-жылдан жарыялана баштаган. «Лири­ка» (1943), «Мекендин шамалы» (1946) аттуу ал­гачкы жыйнактары менен лирик акын катары таа­нылган. «Чоочун таштар» (1957), «Жылдыздар­дын этегинде» (1959), «Янтардагы күн» (1961), «Автопортрет. Авиаэскиздер» (1962), «Түштүк па­норамасы» (1963) аттуу ыр жыйнактарында турмушту аңдап билүүсүн терендетип, көркөм каражаттардын көп кырдуулугуна жетишкен, философиялык ой жүгүртүүсү такшалып, замандашта­рынын образын элестүү тарткан. М-тин 60-жыл­дардагы лирикасында доор адамынын идеалы, ой-тилеги, поэтикалык концепциясы чагылды­рылган. «Адам» (1961; Лениндик сыйл., 1962) ыр жыйнагынын чыгышы М-тин чыгармачылыгын­дагы жана бүткүл советтик поэзиядагы

маанилүү окуя болгон. Мында адамдын улуулугу, ар тараптуу жаратман кудурети, көсөмдүгү зор поэтикалык толкундануу менен берилген. «Лирикалык этюд­дар» (1964), «Нан жана сөз» (1965) публицистикалык ыр жыйнактарында жаш чагы жана литва адабияты­нын салттары, анын келечек милдеттери жаг­дайында ой жүгүрткөн. Ал А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Шевченко, С. Я. Мар­шак ж. б. акындардын ырларын литва тилине которгон. Ж. Неру атындагы сыйл. лауреаты (1969). 2 Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Чыг.: Собр. соч. М., 1977-1979. Т. 1-3.

Ад.: Бахчинян Ф.Б. Звездная исповедь: Очерк жизни и творчества Э. Межелайтиса. Вильнюс, 1989.