МАУНТБЕТТЕН ПЛАНЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАУНТБЕТТЕН ПЛАНЫ - Индиянын көз карандысыздыгы жөнүндө мыйзам; Индияны эки мамлекетке бөлүү жана аларга доминион укугун берүү жөнүндө Улуу Британия өкмөтүнүн 1947-жылы 3-июндагы декларациясы. Ага ылайык Индия 1947-жылы көз карандысыздыкка жетишип, диний көз караштагы жамааттардын принцибинде 2 мамлекетке - индустардын Хиндустан жана мусулмандардын Пакистан мамлекетине бөлүнгөн. Бул эки мамлекет 1947-жылы 15-августта доминион болуп жарыяланган. М. п-н Индиянын вицекоролу Л. Маунтбеттен жүзөгө ашырган. Британдык Индиянын Индия Союзуна жана Пакистанга бөлүнүшү аяктаган. М. п-н Улуу Британиянын королу Индиянын көз карандысыздыгынын мыйзамы катары бекиткен.