МАТРИЦА (полиграфия): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска

МАТРИЦА, сан калып, полиграфия­д а - 1) куюу формасынын оюңку тамга же бел­ги түшүрүлгөн алмаштырылма элементи. Тамга менен белгиден басмаканалык литера же тамга­луу сап куюп алынат. М. - кууш грандарынын бирине ныкталып же оюп тамга же белги түшүрүлгөн келки металл. Ал чуңкур менен оюк­тарга эриген куйма толтурулуп, кайра чыгар­ганда бир жак учунда өйдө чыгып турган там­галуу литера же сап пайда болот. Кандай тип­теги машинада колдонула тургандыгына жара­ша М. шрифт куюлма, сап куюлма жана тамга куюлма болуп айырмаланат. Шрифт куюлма М. - бир тамганын же бир белгинин оюп жасал­ган түспөлү түшүрүлгөн келки болот. Бул кол менен терүүдө пайдаланыла турган бир шрифтин бардык литерасын куюп алууга мүмкүндүк бе­рет. Сап куюлма машинанын (к. Монотип) үкөктө сакталган айрым М-ларынан сап түзүлүп, куюу формасына коюлат да, ага эриген металл куюлганда туташ сап. алынат. Тамга куюлма машинадагы (к. Линотип) М-лар өзүнчө алкак­ка сакталат; 2) рельефтүү (дөмпөк) басма форма­сынан ийилген материалга (картонго, пластмас­сага ж. б.) терең ныкталып түшүрүлгөн оттиск. Анын бетине эриген металл куюлганда басма формасынын стереотип көчүрмөсү алынат.