МИТЕ ООРУЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МИТЕ ООРУЛАРЫ - мите курттар (гелъминт­тер), мите жаныбарлар, жөнөкөйлөр (амёба, лейшмания, лямблия, плазмодийлер ж. б.) жана муунак буттуулар (чымын­чиркейлер, биттер) ж. б. пайда кыл­ган оорулар. Мите жаныбарлар. пайда кылган оору - инвазиялык, ал эми ви­рустар, козу карындар пайда кылса, жугуштуу оорулар деп аталат. Мите курттар гелъминтоздорду пайда кылат. Аларга аскаридоз, энтеробиоз, эхинококкоз, трихинеллёз, трихоцефалёз ж. б. кирет. Жөнөкөйлөр амебиаз, лямблиоз, безгек, лейшманиоз ж. б. ооруларды; мите курт-кумур­скалар энтомоздорду, кенелер акароздорду пай­да кылат. М. о-нын козгогучтары туруктуу жана убактылуу болуп айырмаланат. Убактылуу мителер табиятта же үйдө эркин жашап, ки­шиге азыктануу (чагуу) үчүн гана келет. Турук­туу мителер адамдын организминде өөрчүү мезги­линин бөлүгүн же бүт өмүрүн өткөрөт. М. о-нын козгогучтары киши организминде орун алышы, мителик кылышы боюнча сырткы (эктомителер) жана ички (эндомителер) болуп бөлүнөт. Эндо­мителер ички органдарда өпкө, боор, ичеги, бул­чуң ткандарында жашап, аларды жабыркатат. М. о. мите алып жүрүүчү же оорулуу жаныбар жана кишиден жугат. М. о-нын ичинен таби­гый очоктуу оорулар кездешет. Мисалы, кеми­рүүчүлөр лейшманиоз оорусунун очогу болуп, ал эми желимчилер таратуучулар, жугузуучу­лар болуп эсептелет. Ооруну врач дарылайт. Организмге зыян келтирбей, козгогучтарды өлтүрүп жок кылуучу химиялык каражаттар, кан дары-дармектери жана витаминдер колдонулат. Алдын алууда оорулуу жана мите алып жү­рүүчүлөрдү убагында таап, дарылоо, мителерди кырып жок кылуу үчүн дезинфекция жүр­гүзүү, айлана-чөйрөнү түрдүү булгануудан сак­тоо зарыл.