МИССУРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МИССУРИ (жергиликтүү индей тилинде - булганыч дарыя) - АКШдагы дарыя, Миссисипинин ири оң куймасы. Узундугу 4088 км (башка маалыматтар боюнча 3970 км~), алабынын аянты 1370 миң км2 (анын 16,84 миң кл«2дейи Канаданын аймагында). Аскалуу тоолордун чыгыш капталдарынан, Йеллоустон улуттук паркынын чегинен башталган Жефферсон (негизги түзүүчүсү) жана Мадисон сууларынын кошулушунан пайда болот. Жогорку бөлүгү Аскалуу тоолор, Миссури платосу (айрым жерлеринде капчыгай менен агып, босоголорду пайда кылат), Борбордук түздүктөр (мында нуктары туруксуз, жайык жайылмаларынын
жээктерине ташкындан коргоо үчүн тосмолор курулган) аркылуу агат. Ири куймалары: Йеллоустон, Платт, Канзас. Жогорку бөлүгүндө кар, ортонку жана төмөнкү агымдарында негизинен жамгыр сууларынан куралат. Жазында суусу кирип (деңгээли чатында 12 мге чейин көтөрүлөт), ташкындайт; жайында тартылат. Орт. чыгымы чатында 2600 м?/сек (эң көбү 19 миң м?/сек, эң азы 120-150 м?/сек). Суусу өтө киргилт, ылайлуу. Жылына 220 миллион т шиленди агызып келет. М-деги жана анын алабындагы ири суу сактагычтар (Форт-Пек, Гаррисон, Оахе) дарыя агымын, ирригацияны, энергетиканы жөнгө салып турат. Ири дарыя кемелери Су-Сити, чакандары суусу мол кезде Форт-Бентон ш-на чейин жетет. Маанилүү ш. жана порттору: Омаха, Канзас-Сити ж. б.