МИСКАВЕЙК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МИСКАВЕЙК Абу Али Ахмед ибн Мухаммед, Ибн Мискавёйх, Ибн Йакуб Мискавайх [932, Иран, ар-Рей (азыркы Рай ш.) - 1031, Багдад] - акын, тарыхчы, философ. М. мусулман тары­хында биринчилерден болуп этикалык филосо­фияны илимий көз караш менен түшүндүргөн. Жаш кезинен адабият, медицина, алхимия, тарыхка кы­зыккан. Багдад ш-ндагы китепканада катчы болуп иштеп, алгач «Казына» («ал-Хазин»), ки­йин мусулман дүйнөсүндө «үчүнчү мугалим» [(«ал-му’аллим ас-салис»); биринчи мугалим («ал-му’аллим ал-аввал») - Аристотель, экин­чиси («ал-му’аллим ас-сани») - Ал-Фараби] атал­ган. Араб жана фарсы тилинде 43төн ашык чы­гарма жараткан. Анын тарых, философия, ме­дицина, саясатка арналган «Бул дүйнөдөгү жашоо жана диндин этикасы» («Китаб’адаб ад-дунйа ва-д-дин»), «Жан жөнүндө трактат» («Рисала фи джавхари-н-нафс»), «Адеп-ахлак­ты тарбиялоо жана анын тамырын тазалоо» («Тахзиб ал-ахлак ва тат-хир ал-а’рак»), «Эл­дердин тажрыйбасы» («Тад-жариб ал-’умам») ж. б. эмгектери белгилүү.

Ад.: Мгзкат/ауИ. ТЬе Кейлешеп! о£ СЬагас1ег. Ве1ги1, 1968.