МИНУСА АЙМАГЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МИНУСА АЙМАГЫ - Хакас-Минуса ойдуңу. 18-к-дын 2-жарымына чейин «Кыргыз жери», «Кыргыз өлкөсү» катары белгилүү брлгон. Байыркы кытай хроникаларында (к. Кытай тарыхый даректери) түрктөрдүн түпкү аталарынын бири Нишидунун (Надулу-шад) биринчи аялы 4 уул төрөп, алардын бири Кыргыз (Цигу) деген ат менен Абакан (Афу-шуй, башкача айтканда Абыгансуг) жана Енисей (Цзянь-шуй, башкача айтканда Кем-суг) д-нын аралыгына падыша болгону тууралуу мифтик кабар кезигет. Тарыхый топоним катары түштүк- батышынан Кичи Абакандын оң куймасы Кыргыз-Суу (Хыргыс суг), түштүгүнөн да КыргызСуу жана Жой суулары, чыгышынан Амыл жана Хабык өзөндөрүнүн куймалары Кыргыз-Жул (Хыргыс чул), түндүк, түндүк-батышынан Кузнецк Ала-Тоосунун этеги, Үрүп суусу менен чектелген. Аталган жерлер жалпысынан М. а. деп аталып, Кыргыз мамлекетинин метрополиясы катары таанылган. Бул аймактан байыркы кыргыздарга таандык көптөгөн маалыматтар (энчилүү аттар, жазма, археол. ж. б. эстеликтер) табылып (к. Минуса ойдуңундагы «кыргыз» топонимдери), көпчүлүгү Минусинск ш-ндагы музейде сакта- ЛУУ турат. 18-к-дын 2-жарымынан Россия империясынын курамына кирген. О. Каратаев.