МИНОРСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МИНОРСКИЙ Владимир Фёдорович (5. 2. 1877, Тверь губерниясы, Корчев ш. - 29. 3. 1966,
Англия, Кембриж, сөөгү Москвага коюлган) - чыгыш таануучу, ориенталист, фарсы тили боюнча белгилүү адис. 1896-жылы МГУнун юридика факультетине, көп өтпөй эле Лазарев институтунун чыгыш тил факультетине тапшырган. 1903-17-ж. Россия ТИМде дипломатиялык иште; Тебриз, Тегеран шаарында орус генералдык консулдугунун мүчөсү (1904-08), Тегерандагы орус элчилигинин 1-секретары (1916- 17) болуп иштеген. Илимий иштер менен Петербургда жана О. Азияда болгон (1909-15). 1923-жылы ислам тарыхы жана фарсы адабияты адистиги боюнча Парижге чакырылып, 1932-жылдан Лондондо жашаган. 1937-жылы фундаменталдуу түшүндүрмөлөр жана сын пикир менен о. кылымдагы белгисиз автордун «Худуд ал-Алам» эмгегин англис тилинде жарыкка чыгарган. 1939-жылы Кембриж университетине которулуп, фарсы булактарын анализдеп, иран,
кавказ, түрк элдери боюнча бир нече эмгектерди жараткан. «Ислам энциклопедиясы» жана иран тарыхына арналган «Ираника» («1гап1са») жыйнагынын автору. «Ширван жана Дербенд тарыхы» аттуу эмгеги орус тилине которулган. М-дин кыргыздар жана Кыргызстанга тиешелүү уруу (мисалы, фури, кыштымдар ж. б.), топонимдер (мисалы, Кыркырхан ж. б.) боюнча пикири азыркыга чейин актуалдуу жана маанилүү. Көптөгөн илимий коомдордун (8ос1е1е АвхаПцпе - Франция, ПеШзсйе Мог£еп1апс118с11е ОезеПзсйаН - Германия ж. б.) корр. мүчөсү (1948), академиялардын (Британия, Франция) анык мүчөсү (1943), Брюссель жана Кембриж университеттеринин доктору, Лондон университетинин ардактуу проф. (1937) болгон. Королдук Азия коомунун алтын медалы менен сыйланган.
Эмг.: Ни<1и<1 а1-А1аш. «ТЬе Ке£1ОП8 о£ 1Ье АУогМ». А Регз1ап//СеойгарЬу с!гса 372. А. Н. Ьопёоп, 1937; Минорский В. Ф. История Ширвана и Дербенда X — XI вв. М., 1963.
Э. Турганбаев.
