МИНОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МИНОР ( латынча minor - кичине) - обон-күүлөрдүн лирикалык, кайгылуу, мундуу, басыңкы мүнөз­дө берилиши. М-дун туруктуу добуштары (1,3, 5 баскыч) кичине үч үндүүлүккө негизделген. Музыкадагы эстетикалык каражаттардын бири. М-дун үч негизги - накта (табигый), гармония­лык, мелодиялык түрлөрү бар. М. м а т е м а­т и к а д а - берилген матрицанын же аныкта­гычтын кандайдыр бир к мамычасы менен к са­бынын кесилишиндеги элементтерден түзүлгөн аныктагыч. Эгер белгиленген саптын номери менен белгиленген мамычанын номери дал кел­се, анда М. башкы М., ал эми биринчи к ма­мычасы белгиленсе, анда бурчтук М. деп аталат. Матрицанын максимум тартиптеги каа­лаган нөлдүк эмес М-у базистик М. деп аталат.