МИМОЗА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МИМОЗА (Мхтоза) - өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп, бадалдар (чанда лианалар) же дарактар, көбүнчө тикендүү (түрү өзгөрүлгөн жан жалбырак). Гүлү майда, башча же машак сымал топ гүлгө чогулган. Мөмөсү (чаңагы) бышканда ажырайт. М-нын 400-500 түрү, негизинен Американын тропик жана субтропигинде, бир аз түрү Африка жана Азияда кезигет. КМШ өлкөлөрүндө кооздук үчүн гана өстүрүлөт. Дүйнөнүн бардык жеринде отоо чөп - уялчаак М. кезигет. Ал - чала бадал же бадал, жалбырагы башка М-дай эле тийип койсо же караңгы киргенде жабылып, ийилип калат.