МИКРОЭКОНОМИКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МИКРОЭКОНОМИКА (микро... жанаэкономика)- экономикалык илимдин чакан масштабдуу экономикалык процесстерди, субъектилерди (ишкана, ишкер, фирма ж. б.), кубулуштарды изилдөөгө байланышкан бөлүгү; рынок экономикасында жеке субъектинин мүнөзүнүн мотивациясын караган экономикалык теория. Бул субъекттерге материалдык байлык өндүрүүчүлөр, тейлөө кызматында иштегендер, жек-е керектөөчү же сатып алуучулар тобу кирет. М-да негизги көңүл өндүрүштүн көлөмүнө жана өндүрүүчү менен керектөөчүнүн ортосундагы мамилеге (сатуу, баа, чыгым, пайда) бурулган. М. экономикалык теориянын өзүнчө багыты катары 19- к-дын аягында бөлүнгөн. Буга Л. Вальрас (Швейцария), А. Маршалл (Англия) жана К. Менгер өзгөчө салым кошкон.