МИКОЯН Артём Иванович: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МИКОЯН Артём Иванович [23.7(5. 8). 1905, Тифлис губерниясы, Борчалинск уезди, Санаин кыш. (азыркы Армения, Алаверди ш-нын чегинде) - 9. 12. 1970, Москва] - советтик авиаконстр., СССРде биринчи реактивдүү самолётторду түзүүчүлөрдүн бири, СССР Ианын академиги (1968; корреспондент мүчө, 1953), инженер-техникалык кызматтын генерал-полковниги, эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1956, 1957). Н. Е. Жуковский атындагы Аскер-аба инженердик академиясын бүтүргөн (1936). Авиациялык заводдо аскер өкүлү, констр-дук бюронун жетекчисинин орун басары. 1940-жылдан самолёт куруу боюнча тажрыйбаконстр-дук бюронун башкы констр-у. 1956-жылдан генералдык констр. 1940-жылдарда М-дын жетекчилигинде (орус инженери М. И. Гуревич менен бирге) МиГ-1 истребители түзүлгөн. Ошол эле жылы ал истребитель өркүндөтүлүп (МиГ-3), Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) пайдаланылган. М-дын жетекчилигинде үндөн ылдам учуучу реактивдүү самолёттор - МиГ-9, МиГ-15, МиГ-17, МиГ-19, МиГ-21 (канаты үч бурч, үндөн эки эсе ылдам учат), МиГ-23 (учуп баратып канатын өзгөртөт), МиГ-25 (үндөн үч эсе ылдам учат) истребителдерин түзүлгөн. Анын самолётторунда 55 дүйнөлүк рекорд коюлган. СССР Жогорку Советинин (3-8-шайланышы) депутаты, Лениндик сыйл. (1962), СССР мамлекеттик сыйл. (1941,1947, 1948, 1949, 1952,1953)лауреаты. Алты Ленин ордени, башка 4 орден жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Арзуманян А. М. Генеральный конструктор Анын Ичинде Микоян. М., 1961.