МИЕЛОМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МИЕЛОМА (грекче myelos - чучук, жүлүн жана ...ома)- лейкоз тобундагы кан ооруларынын бири. Анда сөөк кемигинин мутацияга учураган клеткалары ашыкча пайда болуп, натыйжада канда биохим., иммунохим. касиеттери бар белоктор көбөйөт. Сөөк, кан пайда кылуу жана заара бөлүп чыгаруучу системада белок, минерал алмашуу өзгөрөт. Оорулуунун сөөгү өзүнөн өзү сынат. Сөөк бузулгандыктан, канда кальций көбөйүп, ал бөйрөккө, өпкөгө, карындын былжыр челине сиңет. Канда иммуноглобулиндер азаят, антителолордун пайда болушу бузулат, натыйжада бактерия инфекциялары көбөйөт. Дарылоодо нур, гормондор, антибиотиктер, кан куюу колдонулат.