МЕХАНИЗМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МЕХАНИЗМ (грекче mechane - машина) - бир же бир нече нерсенин кыймылын башка нерсенин керектүү кыймылына өзгөртүүчү система. М. структура-констр-лык белгилери боюнча шарнирдүү (рычагдуу), муштумчалуу, тиштүү, шыналуу, бурамалуу, фрикциялуу, гидравликалык жана электр түзүлүштөгү ж. б. болуп айырмаланат. М. чекиттеринин траекториясы бир же параллель тегиздиктерде болсо, ал тегиздик М. (кривошип-жылгычтуу, муштумчалуу, планеталуу, шынаалуу ж. б.), ал эми калгандары мейкиндик (бурамалуу, червяктуу ж. б.) М-дерине кирет. М. бир же бир нече эркин даражага ээ. Бир эркин даражалуу М. кеңири белгилүү. Кыймылдаткыч, кыймыл бергич, кыймыл аткаргыч М-дин жыйнагы машинаны түзөт. Кээ бир машина бир эле М-ден турат. М-ди изилдөө менен долбоорлоо методу - машина жана механизмдер теориясынын бир бөлүгү.