МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР - метеорол. элементтерди ченөөчү жана каттоочу приборлор. Булар ар кандай климаттык шартта колдо­нууга ылайыкташкан. Аба менен кыртыштын температурасын ченөө үчүн түрдүү метеорол. термо­метрлер, термографтар колдонулат. Абанын нымдуулугу психрометр, гигрометр, гигрограф менен өлчөнөт. Атм-нын басымы барометр, ане­роид, барограф гипсометр менен ченелет. Шамал­дын ылдамдыгы, багыты анемометр, анемо­граф, анеморумбометр, анеморумбограф, флюгер менен аныкталат. Жаан-чачында атайын жаан­чачын өлчөгуч, плювиограф колдонулат. Күн ра­диациясы, жер бети менен атм-нын чагылдыры­лышы пиргелиометр, актинометр, пиранометр, пиранограф, альбедограф, балансометр, гелио­граф менен өлчөнөт. Кардын суу запасы кар өл­чөгүч, шүүдүрүм - росограф, көрүнүмдүүлүк нефе­лометр менен аныкталат.