МЕТЕОРДУК РАДИО БАЙЛАНЫШ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МЕТЕОРДУК РАДИО БАЙЛАНЫШ — метеор бөлүкчөлөрүнүн иондошкон издеринин чагылуусуна негизделген радио байланыштын түрү. М. р. б-на маалыматтарды (мисалы, телеграф кабарларын) экилик код менен берүү жана контролдук сигнал берүү менен ар жердеги түзүлүштөрдүн көрсөткөндөрүнүн тууралыгын текшерүүдө колдонулат. Иондошкон метеор издери 0,1-1,5 сек- га созулат, ошондуктан башка байланыш системаларына караганда М. р. б-та маалыматтарды берүүнүн жана кабыл алуунун өзгөчө методдорун колдонуу талап кылынат. Метеор издери пайда болгон учурда маалыматтар өтө тез ылдамдыктагы үлүштөр (кыска мөөнөттүү сеанстар) түрүндө берилет. Үлүштөр түрүндө кабыл алынган маалыматтар жыйылгандан кийин каттоочу аппаратка кадыресе (стандарттык) ылдамдыкта берилет.