МЕТЕОР АГЫМЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МЕТЕОР АГЫМЫ - Жер атм-сы менен метеор уюгу кездешкенде атм-да байкалуучу метеорлордун тобу. Ал чаң, таштан турган эллипс шакек түрүндө болот. Метеор уюгу кометалардын ядросунун ажыроосунан пайда болот. Комета Кунгө жакындаганда өзүнөн кийин газ, чаңдан турган из калтырат. Ыргытылуу бурчуна жараша кээ бир бөлүкчөлөр кометадан алдыга, ал эми кээ бири артында калат. Акырындап газ жана чаң орбита боюнча бөлүштүрүлөт. Шакек улам кеңейет бирок, перигелийде афелийге караганда ичке болот. Жер орбитасы менен кесилишкенде метеор жааны байкалат.