МЕТАЛЛОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕТАЛЛОГРАФИЯ (металлдар жана ...графия) - металлдардын жана металл куймаларынын түзүлүшү (структурасы) жөнүндөгү илим. М. металлдын ички түзүлүш законун, тартибин жана структурасынын өзгөрүшүнө жараша металлдын механикалык, электрлик, магниттик, жылуулук ж. б. касиеттеринин өзгөрүшүн изилдейт. Мененын негизги методдору: макро- жана микроструктуралык анализ, рентген структуралык анализ. Бул анализдерди жүргүзүүдө колдонулуучу негизги куралдар: оптикалык, электрондук микроскоптор жана рентген аппараты. М. металлдардын механикалык, физикалык жана химиялык касиеттерин жогорулата турган түзүлүшүн, аларды механикалык жана термиялык. ж. б. иштетүү технологиясынын натыйжалуу жолдорун табууга мүмкүндүк берет.